Америкалык сенатор Россия менен кызматташкан ири мамлекеттерге сөөмөй кезеди

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Америкалык сенатор Линдси Грэм* CBS телеканалына маек куруп жатып РФке көзү түз өлкөлөр Россия менен Вашингтондун бирин тандап алышы керектигин айтты.
"Кытай, Индия, Бразилия! Эгер жардамыңарды улантсаңар жапа чегүүгө даяр болгула!" — деген сенатор.
Грэмдин айтымында, Россияны колдогон мамлекеттер же америкалык экономиканы, же Москва менен алаканы тандашы керек. Сенатор жакында Украинага жөнөтүлүшү мүмкүн болгон кошумча курал-жарактан улам "чоң өзгөрүү" күтүлүп жатканын белгилеген.
Эскерте кетсек, апрелдин башында антироссиялык маанайы менен белгилүү Грэмдин "2025-жылы Россияга каршы салынуучу санкциялар тууралуу акт" долбоору Сенатка киргизилген. Документте Украина жаңжалын жөнгө салуудан баш тартты же түзүлө турган макулдашуунун шартын аткарган жок деген кине менен Москвага карата жаңы чектөөлөр камтылган.
Сенатордун сунушу:
Россиядан нефть, газ жана уран сатып алган өлкөлөрдүн АКШга жөнөткөн товарына 500 пайыздык бажы алымын киргизүү;
америкалыктарга россиялык кредит кагаздарын (облигация, вексель, депозиттик сертификаттар) сатып алууга тыюу салуу.
Июндун башында Трамп аталган мыйзам долбоорун "өтө күчтүү" деп сыпаттап, анткен менен санкция тууралуу чечимди жеке өзү кабыл аларын билдирген.
Ал эми айдын соңунда Грэм АКШ лидери Россияга каршы жаңы санкция киргизүүгө ниеттенип жатканын айтып, Сенат документти июлда карай турганын белгилеген. Саясатчынын айтымында, мыйзам долбоору биринчи кезекте Россиядан нефть алган Индия менен Кытайга багытталат.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Москва сенатордун билдирүүсүн эске түйүп алганын билдирген.
*Россияда террорчу менен экстремисттердин тизмесине киргизилген
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Россияга сюрприз даярдап жатканын айтты