1941-жылы 14-июлда апаат өлүм жалынын чачып турган убакта "Катюша" реактивдүү артиллериясы "ууга" чыккан.
СССРдеги мындай типтеги биринчи техниканы Кызыл армиянын колдонору тууралуу чечим согуш башталардан бир күн мурда — 1941-жылы 21-июнда кабыл алынган.
Капитан Иван Флёровдун "Катюша" батареясы биринчи ирет Беларустун Орша шаарынын алдында фашисттерге чагылгандай тийген. Темир жол станциясында немецтер, күйүүчү май жана техника жүктөлгөн вагондор жок кылынган.
Бир залп 16 снаряддан турган, алар 8 470 метрлик аралыкка 7-10 секунддун ичинде атылган.
"Катюшанын" добушу чыкканда фашисттердин шаштысы кетсе, курал советтик жоокерлерге кадимкидей дем-күч берип, сыймыктанууну жараткан. Муну согушка катышкан ардагерлердин да кийинки жай турмушта эскерген учурлары бар.
Согуш жылдарында 10 000 "Катюша" чыгарылып, 4 миллион снаряд фашисттик баскынчыларды көздөй атылган.
Тема боюнча: