УКМК: чет элдиктерге дарыгердин диплому мыйзамсыз берилгени аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. УКМК чет өлкөлүк жарандарга жогорку медициналык билим тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берүү боюнча кылмыштуу схеманы аныктады.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, Эл аралык медициналык университеттин айрым кызматкерлери өлкө сыртында жүргөн эле чет элдиктерге баа коюп, диплом берип, акча алып турушкан.
"Мындай көрүнүш илимге жана билим берүү системасына болгон ишенимге доо кетирип, Кыргызстандын билим берүү тармагындагы аброюна эл аралык деңгээлде шек келтирет", — деп жазылган маалыматта.
Азыркы тапта бул ишке тиешеси барлар аныкталып жатканы кошумчаланды.
Жасалма диплом менен иштеген. Ысык-Көлдө Сот департаментинин жетекчиси кармалды