УКМК "жер мафиясын" аныктап, Чүйдөн 822 гектар жерди мамлекетке кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Чүй облусунда 822 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Былтыр мартта Александровкадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция боюнча иш козголуп, "жер мафиясына" тиешелүү алты адам соттолгон.
Тергөөдө жер тилкелер мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталган. Тагыраагы, айрым аткаминерлер катталбаган жерлерди мамлекеттин балансына албастан арзан баада ижарага беришкен дешти. Ошондой эле менчик ээлери өлкөдөн чыгып кеткен, каза болгон учурларда жер үлүштөрүнө мыйзамсыз ээлик кылуу фактылары ачыкка чыккан.
Иштин алкагында жерлер инвентаризацияланып, 822 гектар жер мамлекеттин балансына өткөрүлдү.
Көлдө темир жолчуларга делген комплекстин бүтпөй турган имараты мамлекетке кайтарылды