Ысык-Көлдө массалык мушташ чыгып, 6 адам кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында массалык мушташ чыгып, алты адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинен билдиришти.
Соцтармакта көл жээгинде бир нече кишинин мушташып жаткан видеосу тараган.
Милиция окуянын себебин айтты. Билдирүүгө ылайык, куткаруучунун бири эс алуучулардан тынчыраак болууну суранган. Буга нааразы болгондор аны уруп жиберишкен. Мындан улам мушташ чыгып, ага Palm Beach эс алуу борборунун күзөтчүлөрү дагы катышкан.
Кармалгандардын баары 26 жашта.
Чүй ОИИБи уюштурулган массалык кол салуу болду деген маалыматты төгүндөдү