Икра, велосипед. ЕАЭБде маркалана турган товарлардын тизмеси кеңейтилди

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. ЕАЭБде маркалана турган товарлардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Комиссиянын Бажы-тарифтик жана тарифтен тышкаркы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Аскат Беков чечим Минскиде кабыл алынганын, система жасалма продукцияны азайтып, таза иштеген компаниялардын санын жана бюджетке түшкөн каражатты көбөйтөрүн айтты.
"Жаңы товарлар мурункудай эле бирдиктүү эрежелер боюнча маркаланат. Коддор уюм ичинде таанылат. Бул керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган. Товар сатып алып жаткан кардар анын жарактуу мөөнөтүн, кайсы жерде, кайсы убакта чыгарылганын жана мыйзамдуу жол менен алып келингенин биле алат", — деди Беков.
Ошондой эле мындан ары велосипед, анын рамалары, дезинфекциялоочу каражаттар, микробго каршы косметикалык продукциялар, бекире жана лосостун икрасы, айрым майлоочу материалдар маркаланышы керектиги кошумчаланды.
ЕЭКтин кезектеги жыйынында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды