БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Балыкчыда браконьерлер кармалып, үйлөрүнөн курал-жарак, аңчылык буюмдар алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ үч жаран мыйзамсыз балык кармап жатканы аныкталган. Иш козголуп, шектүүлөрдүн үйлөрү тинтилди.
Натыйжата курал-жарактын бир нече түрү, ок-дары, синтетикалык торлор, үч гидрокостюм, балыктын түрлөрү, 10 жапайы өрдөк жана эки түлкүнүн териси табылган.