Мас болуп дубалды сүздү делген кырсык боюнча ИИМдин аткаминери иштен алынды

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкектеги унаа кырсыгына байланыштуу Свердлов РИИБинин начальнигинин орун басары Замир Эргешов иштен алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Министрлик көрсөтүлгөн транспорт кызматтык унаа эмес экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук аскер комиссариатынын тосмосун сүзүп токтогон жолтандабас боюнча кызматтык иликтөө аяктады. Белгилей кетсек, аталган унаа Замир Эргешовго таандык экенин ЖМКлар жазып чыккан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
Свердлов райондук ИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Замир Эргешов ээлеген кызматынан бошотулду;
кырсык учурунда РИИБдин башчысынын милдетин аткарып жаткан тергөө боюнча башчынын орун басары Адилет Абдрахмановго карата тартиптик жаза колдонулду.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы үрөй учурган кырсыктан скутерчи каза болду