БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама командага убактылуу машыктыруучу болуп Урмат Абдукаимов дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Буга чейин башкы машыктыруучу кызматын аркалаган Максим Лисицын иштен кеткен.
Урмат Абдукаимов — АФКнын A, B жана C категориядагы лицензиясына ээ тажрыйбалуу адис. Ал буга чейин улуттук курамада башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп иштеген, учурда "Талант" клубунун башкы машыктыруучусу.