БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. АКШ Дания менен макулдашуудан кийин аскердик инфраструктурасын Россиянын чек арасына жакын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тууралуу РФтин Копенгагендеги элчиси Владимир Барбин билдиргенин РИА Новости жазды.
Дания парламенти июнда АКШга аскердик базаларын өлкө аймагына жайгаштырууга жол ачкан макулдашууну жактырып берген.
"Бул АКШ Россиянын чек арасына жакын жерде аскердик инфраструктурасын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн алат дегенди түшүндүрөт. Даниянын аймагынан биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч жаралышы ыктымал. Аталган макулдашуу иш жүзүнө кандайча ашырылары келечекте билинет", — деди Барбин.
Элчи Дания Америкадан аймагына кандай курал келерин көзөмөлдөй албай турганын кошумчалады. Дипломаттын айтымында, мындан улам Копенгагенде өзөктүк курал жайгаштырылбайт деп кесе айтууга азыр мүмкүн болбой калды.