Ден соолугун чыңдайм деп таэквондого барган Алинур Алмазбеков өзүн спорттон тапты. Башында машыгуулар анын ден соолугуна жардам берген болсо, кийин бул жол аны дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү кылды. Азыр ал таэквондо ITF боюнча Кыргызстандын жана дүйнөнүн чемпиону. Алинур өзүнүн спорттук жолу тууралуу айтып берип жатып, жеңишке жетүү оңой болбогонун, бирок аракет менен баары мүмкүн экенин белгиледи. Спорт ден соолугун гана эмес, мүнөзүн, рухий күчүн да чыңдаганын айтты. Чемпион мектептеги окуусун да унутта калтырган эмес. Математика жана шахмат боюнча да мелдештерге катышып, ийгилик жаратып келет.
“Стимул” программасынын бул жолку коногу Спорт менен билимди айкалыштыра билген жаш чемпион Алинур Алмазбеков.