26-27-июнда Минск шаарында IV Евразия экономикалык форуму жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өттү. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери катышты. Анда эмгек рыногун өнүктүрүү, агрардык логистика жана бирдиктүү энергетикалык рынокту түзүү талкууланды. Садыр Жапаров Кыргызстан соңку жылдары ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледи. Минскидеги ЕАЭБ саммитиде көтөрүлгөн маселелер, евразиялык интеграция тууралуу Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров кеп кылды.