Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында үйү өрттөнүп кеткен эки үй-бүлөгө там салдырып беришти. Турак жай курууга 10 миллион сомдон ашык акча бөлүнүп, заманбап эки үй тургузулуп, ээлерине салтанаттуу тапшырылды. Жыгач там былтыр күздө толугу менен өрттөнүп кетип, көп балалуу эки бүлө үй-жайсыз калган. Кийин алар өлкө башчы менен УКМК төрагасына жардам сурап кайрылышкан.
Эртең “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортундагы жер тилкелеринин аукциону башталат. Аукцион 15-16-17-18-июль күндөрү өтөт. “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук аймактын курулушунун биринчи этабын ишке ашыруу максатында “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунун төмөнкү бөлүгүндөгү жер тилкелери аукционго коюлган. Буга байланыштуу атамекендик жана чет элдик инвесторлордун ачык аукционго катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар жер тилкелерине 3-4-5 жылдыздуу мейманканаларды, коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторан, кафе, SPA-комплекс жана башка коммерциялык объекттерди салышы керек. Аукционго 6,5 гектарды түзгөн жер аянты коюлууда. 49 лотто 216 чарчы метрден 15 660 чарчы метрге чейинки жер тилкелери бар. Алардын баасы 3 млн 067 миң 200 сомдон тартып 336 млн 960 миң сомго чейин болот. Курулуш объекттерин инвестор 2 жыл ичинде пайдаланууга бериши зарыл. Аукционго катышам деген каалоочулар “Ала-Тоо Резорт” ишканасы менен биргеликте жер тилкелери менен жеринде таанышса да болот.
ЕАЭБ тиричилик буюмдарынын энергия сарамжалдуулугуна коюлган талаптардын күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-сентябрына жылдырды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында кабарланган. Талаптар быйыл 1-сентябрдан тартып күчүнө кириши керек эле. Чечим документтерди, стандарттарды жана этикеткаларды тууралоо муктаждыгына байланыштуу кабыл алынган. Ошондой эле тиричилик буюмдарынын этикеткаларынын формасын жана аларды түзүү эрежелерин аныктаган комиссиянын чечиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-мартына жылдырылды. Мындан тышкары, техникалык регламенттин айрым талаптарынын күчүнө кирүү мөөнөтү да үч жылга жылдырылганы кошумчаланды.
Америкалык сенатор Линдси Грэм* CBS телеканалына маек куруп жатып РФке көзү түз өлкөлөр Россия менен Вашингтондун бирин тандап алышы керектигин айтты. "Кытай, Индия, Бразилия! Эгер жардамыңарды улантсаңар жапа чегүүгө даяр болгула!" — деген сенатор. Грэмдин айтымында, Россияны колдогон мамлекеттер же америкалык экономиканы, же Москва менен алаканы тандашы керек. Сенатор жакында Украинага жөнөтүлүшү мүмкүн болгон кошумча курал-жарактан улам "чоң өзгөрүү" күтүлүп жатканын белгилеген. Эскерте кетсек, апрелдин башында антироссиялык маанайы менен белгилүү Грэмдин "2025-жылы Россияга каршы салынуучу санкциялар тууралуу акт" долбоору Сенатка киргизилген. Документте Украина жаңжалын жөнгө салуудан баш тартты же түзүлө турган макулдашуунун шартын аткарган жок деген кине менен Москвага карата жаңы чектөөлөр камтылган. Ал эми айдын соңунда Грэм АКШ лидери Россияга каршы жаңы санкция киргизүүгө ниеттенип жатканын айтып, Сенат документти июлда карай турганын белгилеген. Саясатчынын айтымында, мыйзам долбоору биринчи кезекте Россиядан нефть алган Индия менен Кытайга багытталат.