Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилип келген, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган “социалдык контракт” программасында сумма 100 миң сомдон 150 мин сомго көтөрүлдү. Өткөн айда эле Кочкор районунда алгачкы социалдык контракттын алкагындагы 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Мындай өзгөрүүлөр эмне себептен кирди?
Ал бул программага кандай таасир этет? Ушул жана башка суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Улан Айбек уулу жооп берди.