Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу өнөктүгү беш турду камтыйт. Кабыл алуу графиги боюнчабиринчи тур — 14-19-июль; экинчи тур — 21-26-июль; үчүнчү тур — 28-июль-2-август; төртүнчү тур — 4-9-август; бешинчи тур — 11-16-августта болот.Эгер бош орундар болсо 18, 19 жана 20-августта абитуриенттердин рейтингдик тизмеси боюнча кезектеги талапкерлердин тизмеси жарыяланып, алар кошумча түрдө кабыл алууга сунушталат. 2025/2026-окуу жылы үчүн жогорку окуу жайларга жалпысынан 10 миң билим берүү гранты бөлүнөт.
ӨКМ кызматкерлери Кегетидеги Көл-Төр көлүнө байкоо жүргүзүп, жырылып кетүү коркунучу жок деген тыянакка келди. Бул тууралуу аталган ведомство кабарлады. Адистер көлдүн көлөмү климаттык нормага ылайык экенин, суунун ташып кетүү коркунучу жок экенин аныктаган. "Ага карабастан алдын алуу максатында сифон ыкмасы менен суусу азайтылды", — деп жазылган маалыматта. Мекеме Көл-Төр көлүнүн жолунда жайгашкан айыл элинин тынчсыздануусуна негиз жок экенин кошумчалады. Көл-Төргө баруу үчүн Кегети капчыгайын аралап өтүү керек. Ал Бишкектен 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тоо койнундагы көлгө бара жаткан жолдон өлкөнүн кереметтүү жаратылышын байкоого болот.
Кытайга ШКУ ТИМ башчыларынын жыйынына катышуу үчүн барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кесиптеши Ван И менен жолугуп бир катар маселелердин катарында Украина кризисин да талкуулады. Бул тууралуу РФ ТИМи билдирди. Маалыматта министрлер Россия менен Кытайдын ушу таптагы алакасына канааттануусун билдирип, кызматташууну тереңдетүүгө дилгирлигин белгилешкени айтылат. Мындан тышкары, тараптар ШКУнун алкагында кызматташууга өзгөчө көңүл бурушкан. Министрлер эки мамлекеттин көз карандысыздыкты коргоо, аймактык бүтүндүк, регионалдык жана этностук ар түрдүүлүгү камтылган мамлекеттүүлүк сыяктуу түпкү кызыкчылыгын эске алуу менен бири-бирин колдоого даярдыгын тастыкташкан.
АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча ыргылжың позициясы Киевдин келечегин жок кылып, өлкөнү калыбына келтирүү жана каржылоо маселелерин кыйындатат. Бул тууралуу The Telegraph жазып чыкты. “Ак үйдүн Украина боюнча позициясы так болбогондуктан, өлкө тагдырын өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырап жаткандай”, — деп айтылат макалада. Басылма Трамптын бир туруп Украинаны, бир туруп Россияны кескин сындаган олку-солкулугунан америкалык BlackRock компаниясы Украинаны калыбына келтирүү фондунун ишине катышуудан баш тартканын эске салган. “BlackRock компаниясынын четтеп кетиши ишти кыйла оорлотот. Бирок Трамптын Украинанын өз алдынчалыгына доо кетире бериши ансыз да кыйналып турган өлкөнү такыр эле бүк түшүрүүдө”, — деп жазылган материалда. Буга чейин Bloomberg өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен BlackRock кызыкчылыктын жогунан Украинаны калыбына келтирүү фонду үчүн инвестор издөөнү токтотконун кабарлаган. Ал эми Politico 1-июлда запас түгөнгөндүктөн АКШдан Украинага ок-дары менен курал-жарак жөнөтүү иштери токтотулганын маалымдаган.