Медиация жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен Кыргызстанда медиация институту расмий түрдө бекемделип, талаш-тартыштарды тынч чечүүгө көбүрөөк шарттар түзүлмөкчү. Ошондой эле соттордун ишин дагы жеңилдетип, аймактарда борборлор түзүү менен бирге медиаторлор даярдалат.
Медиация – бул бейтараптардын ортосундагы келишпестиктерди сотко кайрылбай эле, үчүнчү тараптын (медиатордун) жардамы менен тынч чечүү процесси. Эгерде эки же бир нече адам же уюм ортосунда пикир келишпестик чыкса, медиатор аларга сүйлөшүп, макулдашууга жардам берет. Тагыраагы чыр-чатактар сотко жетпей чечилет. Медиация убакытты үнөмдөөгө, чыгымдарды азайтууга жана тараптардын мамилесин бузбоого жардам берет.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 380 медиатор күбөлүгүн алган жана анын 80и метиатор болуп иштеп жатат. Жарандар көбүнчө үй-бүлөлүк чыр-чатактарды чечүү боюнча кайрылышарын "Күн башат" программасынын коноктору айтып беришти.