БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Украина көпкө созулган тирешүүгө туруштук бере албайт. Бул тууралуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн мурунку башкы командачысы, учурда Лондондогу элчи Валерий Залужный билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жогорку технологиялар пайдаланылбаган шартта өзүбүздү коргонууга керектүү каражат менен камсыздай албай жатканыбыз Украинанын узакка созулган согушта туруштук берүүгө кудурети жетпей турганын көрсөтүүдө", — деген ал.
Залужный азыркы тапта өлкөнүн Куралдуу күчтөрү фронтто болгону адам ресурсуна таяна аларын белгилеп, Киев өлгөндөрдүн ордун тез арада толтура албай жатканына токтолгон.
Июнда РФ президенти Владимир Путин Россия болгон күчүн жумшап маселени Украина менен жай сүйлөшүп чечүүгө умтулуп келгенин, бирок Киев Москванын сунушунан баш тартып койгонун билдирген.
РФ лидери Россия Украинанын капитуляциясын талап кылбай турганын айтып, ошентсе да азыркы түзүлгөн кырдаалды туура баалап кабыл алууга чакырган. Мындан тышкары, Путин Украина Куралдуу күчтөрү фронттун маанилүү тилкелеринде адамдан каржалып турганын белгилеп, ал эми Россия армиясы ишенимдүү алдыга бара жатканын кошумчалаган.