"Кымбат виски ичкен киши салыкты да көбүрөөк төлөйт". Шыкмаматов рейд жүргүздү

Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кымбат алкоголь менен тамекинин акциздик маркасын көтөрүүнү сунуштады.
Ал Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында рейд өткөрүп, дүкөндөрдү жана май куюучу жайларды текшерди. Айрым суусундук менен ичимдиктердин акциздик маркасы жок экенин байкашкан.
"Эң кымбат виски ичкен киши эң кымбат салык төлөшү керек. Алар сумманын көтөрүлгөнүнө көп деле "кейибейт", — деген Шыкмаматов.
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аны колдоп, салыктан түшкөн каражат айлык акыга жана жөлөк пулга жумшаларын белгилеген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Салык кызматынын Балыкчыдагы жетекчисине жана анын орун басарына катуу сөгүш берилди.
"Рейдди эч кимге айтпай баштайлы дегенбиз. Дүкөндөргө кирсек сени эскертип койгон деп жатышат", — деп нааразы болгон Шыкмаматов аймактагы салыкчыга.
Аталган иш-чара туристтик сезонго байланыштуу биринчи Ысык-Көлдө башталганы, эми ал өлкө боюнча жүргүзүлө турганы кошумчаланды.
Жол боюнда бензин саткандар менен эми ИИМ жана жергиликтүү бийлик күрөшүшү мүмкүн