БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Советтер Союзу урагандан кийин Батыш менен Россиянын ортосундагы карама-каршылыкка идеология себеп деп келгенбиз, бирок анын түпкүрүндө геосаясий кызыкчылык жаткан. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкө башчысы "Россия 1" телеканалынын журналисти Павел Зарубин менен маектешкен.
"Керек болсо мен өзүм президент болгондон кийин да аны дароо түшүнгөн жокмун. Кесиптештериме көпкө чейин “муну туура эмес жасап жатасыңар, мына далили” деп жүрдүм. “Оңдойбуз, ооба” дегени менен эч кимиси эч нерсе кылган жок. Кийин идеологиянын кандайдыр бир мааниси бар экени айкын болду. Карама-каршылыктардын түпкүрүндө геосаясий кызыкчылыктар бар эле", — деген Путин.
Президент бул нерсе 2000-жылдардын башынан бери түшүнүктүү болгонун, ошентсе да көпчүлүк сымал өзү да жаңылыш ойдо жүргөнүн белгилеген.
"Көбү Советтер Союзу менен Батыштын ортосундагы пикир келишпестик идеологиядан деп жүргөн. Бир жагынан коммунисттик режим, экинчи жагынан Кошмо Штаттар баштаган демократиялык дүйнө турган эле", — деген РФ лидери.
Путин СССР кулап, коммунисттик режим жок болгондон кийин дагы Батыш тараптан Россиянын стратегиялык кызыкчылыктарын эске албаган мамиле сакталып келе жатканын, мунун баары геосаясий артыкчылыктарга жетүү каалоосунан улам келип чыкканын белгилеген.