Батышта Мерцтин Россия боюнча акылга сыйгыс пландары ачыкталды

Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Германиянын агрессивдүү риторикасы жана Украинага курал-жарак жөнөтүүгө ыктаганы өлкө канцлери Фридрих Мерц маселени күч менен чечүүгө далалаттанып жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис The Duran YouTube каналына маек куруп жатып билдиргнин РИА Новости жазды.

“Россияга карата эми эч кандай дипломатия колдонулбайт. Ал (Мерц — ред.) Россия менен тирешүүнү тандады же жок эле дегенде колунда согуша турган эч нерсеси калбай калганга чейин Украинаны колдонууну чечти”, — деген эксперт.

Меркуристин айтымында, дипломатиядан атайылап баш тартуу Украинанын Берлинге таянып алып чагым жасоосун шарттайт.
“Алар (немецтер — ред.) Украинаны колдоону улантып, Киевдин Москва менен каршылашуусун болушунча созууга аракет кылышат”, — деди аналитик.
Эскерте кетсек, шаршемби күнү Германия канцлери Фридрих Мерц АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө Америка Украинага аскердик да, жарандык да жардамын улантуусу керек деп айтканын билдирген.
Ал эми ага чейин Германия Улуу Британия, Франция жана АКШнын артынан Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарактын алыска атылуучу түрлөрүн колдонууга салган тыюуну алып салганын маалымдаган. Мерцтин айтымында, Украина Куралдуу күчтөрү Россиянын тереңине сокку урууга жөндөмдүү болот, эми ошондой курал жеткирип берүү гана калган. Кийинчерээк Taurus ракеталарын берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, ушул жумада Украина маселеси дипломатиялык жол менен чечилбей калганын кошумчалаган.
Россия президенти Владимир Путин Taurus ракеталарынын жөнөтүлүшү Москва менен Берлиндин алакасына доо кетирип, согуштук аракеттердин жүрүшүн өзгөртө албай турганын эскерткен.
Россияда Евробиримдиктин өнөр жайы менен экономикасы солгундап жатканы айтылды