БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кытайга ШКУ ТИМ башчыларынын жыйынына катышуу үчүн барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кесиптеши Ван И менен жолугуп бир катар маселелердин катарында Украина кризисин да талкуулады. Бул тууралуу РФ ТИМи билдирди.
Маалыматта министрлер Россия менен Кытайдын ушу таптагы алакасына канааттануусун билдирип, кызматташууну тереңдетүүгө дилгирлигин белгилешкени айтылат.
Мындан тышкары, тараптар ШКУнун алкагында кызматташууга өзгөчө көңүл бурушкан.
"Дипломаттар АКШ менен болгон мамилени, ошондой эле украин кризисин БУУ уставына ылайык жөнгө салууну талкуулашты. Буга кошумча, Иран-Израиль тирешүүсү, Корей жарым аралындагы кырдаал тууралуу да кеп болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлер эки мамлекеттин көз карандысыздыкты коргоо, аймактык бүтүндүк, регионалдык жана этностук ар түрдүүлүгү камтылган мамлекеттүүлүк сыяктуу түпкү кызыкчылыгын эске алуу менен бири-бирин колдоого даярдыгын тастыкташкан.