Лавров ШКУ ТИМ башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Кытайга келди

Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Россинын тышкы иштер министри Сергей Лавров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ТИМ жетекчилеринин жыйынына катышуу үчүн Кытайга келгенин РИА Новости жазды.
Буга чейин аталган жолугушуу 30-август жана 1-сентябрда Тяньцзинде өтө турган ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн негизги бөлүгү болору айтылган.
Лавров Кытайга Корея Элдик Демократиялык Республикасынан ары барган. Вонсанда министр өлкө жетекчиси Ким Чен Ын, ТИМ башчысы Цой Сон Хи менен жолуккан болчу.
ШКУ — 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан мүчө. Афганстан, Монголия байкоочу макамында болсо, Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, БАЭ, Түркия жана Шри-Ланка өнөктөш мамлекеттер болуп саналат. 2024-жылдын июлунда Казакстанда өткөн ШКУ саммитинде Беларусь уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп кабыл алынган.
Лавров АСЕАН алкагында Рубио менен жолукту. Талкууланган маселелер