БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет келерки жумада, 14-июлдан 20-июлга чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин маалыматында аптанын башында айрым гана жерлерде өткүн өтөт. Жума ортосунан тарта күн катуу ысып, Бишкекте жана түштүк аймактарында 37-39 градуска чейин чыгат.
Чүй
Облус аймагында 15-июлда өткүн өтөт. Калган күндөрү күн ачык болот. Тоолуу аймактарда жаан жаайт.
Бишкекте 14-16-июлда асманды ала булут каптап турат. 17-20-июлда жаан-чачын болбойт.
Талас
Аймакта 15-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 16-20-июль күндөрү жаан жаабайт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Түштүк аймактарынын дыйканчылык жерлеринде жана өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
Ысык-Көл, Нарын
Түндүк региондордо 14-16-июль күндөрү жаан жаайт, аптанын ортосунан тарта күн ачык болору божомолдонду. Күн 28-29 градуска чейин ысыйт.