БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Урсула фон дер Ляйендин тушунда Евробиримдиктин өнөр жайы менен экономикасы кыйла солгундап кетти. Бул тууралуу Россиянын Түз инвестициялар фондунун төрагасы, РФ президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташуу боюнча өкүлү Кирилл Дмитриев билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, АКШнын 30 пайыздык бажы төлөмүнө кошумча энергоресурстардын кымбатташынан, муунткан бюрократиянын айынан ЕБдин өнөр жайы төмөндөөдө.
“Буга көзөмөлдөн чыгып кеткен иммиграцияны, цензура, араң жан капитал рыногун, жаштар арасындагы жумушсуздукту кошууга болот”, — деген ал.
Эскерте кетсек, Трамп ишемби күнү 1-августтан тарта ЕБ товарларына 30 пайыздык бажы алымын киргизерин билдирген эле. Ага чейин киргизилген секторалдык бажы алымдары күчүндө кала бермекчи. Президенттин соцбаракчасына жарыяланган билдирүүсүндө эгер ЕБ америкалык продукцияга бажы алымын жогорулата турган болсо, “ошол сумманы” АКШ Евробиримдиктен келген товардан алчу 30 пайыздык төлөмдүн үстүнө кошуп коеру айтылат.