Украинанын эртеңкисин жок кылды. Британияда Трамптын ишине баа берилди

Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча ыргылжың позициясы Киевдин келечегин жок кылып, өлкөнү калыбына келтирүү жана каржылоо маселелерин кыйындатат. Бул тууралуу The Telegraph жазып чыкты.

“Ак үйдүн Украина боюнча позициясы так болбогондуктан, өлкө тагдырын өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырап жаткандай”, — деп айтылат макалада.

Басылма Трамптын бир туруп Украинаны, бир туруп Россияны кескин сындаган олку-солкулугунан америкалык BlackRock компаниясы Украинаны калыбына келтирүү фондунун ишине катышуудан баш тартканын эске салган.
“BlackRock компаниясынын четтеп кетиши ишти кыйла оорлотот. Бирок Трамптын Украинанын өз алдынчалыгына доо кетире бериши ансыз да кыйналып турган өлкөнү такыр эле бүк түшүрүүдө”, — деп жазылган материалда.
Буга чейин Bloomberg өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен BlackRock кызыкчылыктын жогунан Украинаны калыбына келтирүү фонду үчүн инвестор издөөнү токтотконун кабарлаган.
Ал эми Politico 1-июлда запас түгөнгөндүктөн АКШдан Украинага ок-дары менен курал-жарак жөнөтүү иштери токтотулганын маалымдаган. Бирок 7-июлда Трамп Украинага көбүрөөк курал жөнөтөрүн, ал негизинен коргонуу максатын көздөй турганын билдирди. Пентагондун расмий өкүлү Шон Парнелл Трамптын буйругу менен Украинага кошумча “коргонуучу курал” жөнөтүлөрүн тастыктаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Украинага жөнөтүлгөн курал-жарактын акчасын НАТО төлөйт