БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. ИИМ Октябрь райондук аскер комиссариатынын тосмосун сүзүп токтогон жолтандабас боюнча үн катты.
Окуя кечээ, 12-июлда, болгонун Бишкек ШИИБи кабарлаган.
Буга чейин ЖМКлар жол кырсыгына кабылган унаа Свердлов РИИБинин начальнигинин орун басары Замир Эргешовго таандык экенин боолголошкон.
Министрлик Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын, окуянын бардык жагдайлары такталып жатканын билдирди.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берилет", — деди ИИМ.
Мекеме өз ишмердүүлүгүндө ачыктык жана айкындуулук принциптерин карманарын белгилеген.