БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. 14-июль, дүйшөмбүдө, тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +23...+28, градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +32…+34, Ош шаарында +33...+35 градуска көтөрүлөт.