БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Казак кыздарынын намысына шек келтирди деген интернет-колдонуучу кармалганын Бишкек ШИИБи кабарлады.
Милициянын маалыматында, 38 жаштагы киши 7-июлда баракчасына казак кыздарга уят сөздөр менен кайрылган видео жарыялаган. Бул чоң талкуу жаратып, улут боюнча кемсинткен сөздөр камтылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси менен иш козголду.
Шектүү камакка алынып, тергөө уланып жатат.