Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын мурдагы премьери: Зеленский президенттик шайлоо өткөрүүдөн коркот

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Владимир Зеленский президенттик кызматын шайлоо өткөрүү менен гана легитимдүү кыла алат, бирок ал шайлоо өткөрүүдөн коркот. Мындай пикирин Россиянын мурдагы премьер-министри Сергей Степашин РИА Новости агенттигине курган маегинде айткан.
Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өткөн жылдын 20-майында эле бүткөн. Ал эми расмий Киев мамлекетте жаңы президент шайланмайынча ал легитимдүү президент бойдон калат деп эсептеп келет. Украинада 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоо аскердик абал менен жалпы мобилизацияны жүйө келтирүү менен жокко чыгарылган. Анда Зеленский “азыр шайлоо өткөрө турган убак эмес” деп билдирген.
"Ал кайрадан шайлансын. Биз шайлоону өткөрбөдүкпү. Ал эмнеден коркуп жатат?.. Эки аптага мораторий жарыялайбыз. Владимир Владимирович бир нече жолу мораторий сунуштады", – деген Степашин.
Ал араб-израиль жаңжалына карабай шайлоо өткөргөн Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну мисал келтирген.
"Зеленский шайлоо өткөрсүн. Чынында аны эми кайрадан ким шайлай турганы белгисиз. Ошондуктан коркуп жатат. Тагдыры белгилүү да", – деген Степашин.
Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын 31-мартында өтүшү керек болчу. Дональд Трамп ушул жылы АКШнын президенти кызматына киришкенден кийин Зеленскийди "шайлоосуз диктатор" деп атап, анын рейтинги төрт пайызга чейин түшкөнүн айткан.
РФ президенти Владимир Путин июнь айында эл аралык маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушууда Зеленский менен жолугушушу мүмкүн экенин, бирок анын легитимдүүлүгү юридикалык олуттуу суроолорду жаратарын айткан. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков андан кийин билдирүү жасап, Путиндин Киев бийлигинин легитимдүүлүгү жана анда шайлоо өтүшү керектиги тууралуу айткандары Украина өзүнүн Баш мыйзамдарын аткарышы керек дегенге барып такаларын белгилеген. Песков эгерде Зеленский шайлоодо жеңип чыкса, бул "Украина элинин демократиялык тартиптеги тандоосу" болуп эсептелерин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Зеленскийдин легитимдүүлүгү эми документтерге кол коюуда даана билинет