БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинага Россия менен кандай гана тынчтык келишимине келбесин, баары бир чыгыштагы аймактарын жогото турганын түшүнгүдөй кылууда. Бул тууралуу Британиянын The Telegraph гезити жазган.
Басылма Россиянын армиясы ЛЭР, ДЭР Запорожье хана Херсон облустарынын аймактарына тездик менен жылып жатканын белгилеген.
"Ак үй Украинага Трамптын ортомчулугу менен түзүлө турган тынчтык келишиминде бул аймактар Кремлге өткөрүп берилиши ыктымал экенин ачык түшүндүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле анда Европа лидерлери Трамп мындай келишимди Киев менен Брюсселдин кызыкчылыгын эске албай түзүүгө аракет жасашы мүмкүн деп тынчсызданып жатышкандыгы жазылган.
"Мындайча айтканда, акыркы үч жылда Украинанын союздаштары аны бир нече ирет ара жолго калтырды", — деп белгилеген The Telegraph.
Буга чейин Трамп Владимир Зеленскийди аймактар боюнча айрым келишимдерге жол берүүнү талкуулоодон баш тарткандыгы үчүн сындап, анын Крым боюнча билдирүүсү тынчтыкты жөнгө салууга жолтоо болуп жатат деп белгилеген. Америка президентинин айтымында, Украинадагы кырдаал мышык ыйлагыдай болуп турат, эгерде Зеленский келишимге макул болбосо алдыңкы үч жылда бүтүндөй мамлекетти жоготуп алуу тобокелдигине барган болот.