Лавров Түндүк Кореянын өзөктүк программа боюнча позициясына пикирин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россия Түндүк Кореянын бүгүнкү күндө өзүнүн өзөктүк программасын ишке ашырып жаткандыгынын себебин түшүнүп турат. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.

"Корея Элдик Демократиялык Республикасынын жетекчилиги тиешелүү тыянакка Израиль менен Америка Иранга сокку жасагандан бир топ убакыт мурун эле келген. Дал ошол тыянак өз учурунда чыгарылгандыктан Түндүк Кореяга каршы эч ким күч колдоно албайт. Бирок Түндүк Кореянын айланасында АКШ, Түштүк Корея жана Япония тарабынан аскердик чыңалуулар жүргүзүлүп келет. Биз алардын өз ара мамилелерин кимдир бирөөгө, анын ичинде Түндүк Корея менен Россияга каршы колдонулушунан сактанабыз", – деген ал журналисттерге.

Министр бул тууралуу Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Цой Сон Хи менен жолугушуудан кийин айткан.
"Түндүк Корея колдонуп жаткан технологиялар ошол өлкөнүн окумуштууларынын эмгектеринин натыйжасы. Биз бул эмгекти сыйлайбыз, алар өздөрүнүн өзөктүк программасын ишке ашырып жаткандыгынын себебин да түшүнөбүз", – деп кошумчалаган РФ ТИМ башчысы.
Ким Чен Ын Батыш Россияга чабуул жасаса Түндүк Корея жардам берерин убадалады