Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинага жүз миллиондогон долларлык жардам бериши мүмкүн экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага жүз миллион долларлык аскердик жардам бериши мүмкүн. Бул тууралуу Politico басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, жардам АКШ Конгресси тарабынан Жо Байден маалында бекитилген фонддон каржыланмакчы. Ал фонд Пентагондун өз кампаларынан Украинага курал-жарак берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Азыркы тапта фонддо 3,8 миллиард доллар каражат калган.
Politico билдиргендей, чечим Трамптын администрациясында Украинага колдоо көрсөтүү боюнча карама-каршылыктар бар экенин көрсөтөт.
4-июлда NBC телеканалы Украинага жардамды убактылуу токтотуу чечимин Пентагондун башчысы Пит Хегсет кабыл алганын кабарлаган. Ал эмии CNN басылмасы бул чечим тууралуу Трампка алдын ала маалымат берилбегенин белгилесе, Associated Press окуя Трамп үчүн күтүүсүз болгонун жазган. Трамп кийинчерээк ким токтотконун билбей турганын айткан.
Ал эми Россия Украинага курал ташуу тынчтыкка жетүүгө тоскоолдук кылып, НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кагылышууга тартат деп эсептейт. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров мындай жүктөр "мыйзамдуу бута" болорун эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Украинага жөнөтүлгөн курал-жарактын акчасын НАТО төлөйт