БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. 2025-2026-жылга карата окуучулардын каникулдарынын графиги бекитилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги бекиткен базистик окуу планында айтылган.
Каникулдардын графиги:
күзгү — 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин;
кышкы — 31-декабрдан 11-январга чейин;
жазгы — 6-марттан 8-мартка жана 1-майдан 10-майга чейин.
12 жылдыктын биринчи класстары үчүн каникулдар эки жумага, 24-декабрдан 18-январга чейин узартылат. Экинчи класстын окуучуларына үчүнчү чейректе бир жума кошумча эс алуу каралган.
Сабактардын узактыгы 1-класста — 35 мүнөт, 10-15 мүнөттүк музыкалык тыныгуу менен болот. 2-класста — 40 мүнөт, калган класстарда 45 мүнөткө созулат.
Ошондой эле сабактар 8:00дөн эрте башталбай турганы белгиленген. Буга чейин тыгын менен күрөшүүнүн алкагында Бишкектин мектептеринде окуу 7:30да башталып келген.