БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Балыкчыда Пётр Семёнов-Тянь-Шаньскийдин урматына парк ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа башчысы Султан Кермалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда “Русское географическое общество” коомунун мүчөлөрү изилдөөчүнүн изи менен экспедиция жүргүзүүдө.
Окумуштуунун мурасын даңазалоо иретинде төмөнкүлөр сунушталууда:
шаарда Тарых жана маданият паркын түзүү;
ошол жерге жаңыртылган айкелди орнотуу;
Ысык-Көлдүн тарыхын изилдөөчү борбор ачуу.
Буга чейин Балыкчы шаарындагы изилдөөчү Петр Семенов-Тянь-Шаньскийдин эстелиги алынганы маалым болгон. Ал эми калаа башчысы айкел башка жакка коюларын жазган.