Бишкекте жолтандабас аскер комиссариатынын тосмосун сүзүп токтоду. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жолтандабас Октябрь райондук аскер комиссариатынын тосмосун сүзүп токтоду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Кайгуул милиция айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенин кабарлоодо. Ал эми күбөлөр анын мас болгонун айтышууда.
Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок. Ал эми автоунаа айып аянтчага токтотулган.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы үрөй учурган кырсыктан скутерчи каза болду