БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Акча жана баалуу буюмдарды катып, элди издеткен блогер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 7-июлда соцтармактарда “казына” издеп жүргөндөр тууралуу видео тараган. Бул боюнча 32 жаштагы аккаунттун ээси милицияга жеткирилип, ал мындай аракеттер экинчи кайталанбай турганын убадалады.
Ушул эле блогер декабрь айында дагы милиция тарабынан кармалып, мындай акцияларды уюштурбоого сөз берген болчу.
Бишкек ШИИБ мындай оюндар жаштарга терс таасирин тийгизип, пикир келишпестик, жаңжал жаратышы мүмкүн экенин эскертти.