БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектин Эркиндик бульварында белгисиз адамдар 28 көчөттү сындырып кетишкен. Бул тууралуу Биринчи май РИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, көчөттөрдү сындыргандардын жоругу видеого түшүп калган. Милицияга "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы аларга карата чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган.
Факт боюнча "Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу" беренеси менен иш козголуп, милиция 28 жаштагы Б.Ю. аттуу жаранды кармады. Ал мындай жорукту мас болуп калып жасаганын айткан. Б.Ю. тергөө кызматына жеткирилип, айыбы угузулуп, эч жакка чыкпоо тил каты алынган. Учурда чыгымдын ордун толтуруу каралууда.