Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Саламаттык сактоо министрлиги жайкы сезондо жарандарга жана туристтерге өз убагында, сапаттуу медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жардам көрсөтүү максатында комплекстүү планды ишке ашырууда. Министрликтин буйругуна ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында медициналык инфраструктура даярдалды: дары-дармек кору түзүлдү, медициналык техника жана жабдуулардын даярдыгы текшерилди, саламаттык сактоо уюмдарында кошумча керебеттер даярдалды. Иш пландын алкагында тез жардам пункттары күнү-түнү иш алып барууда, өзгөчө эл көп жүргөн автожолдордо нөөмөтчү бригадалар жайгаштырылды.Ошондой эле коомдук тамактануучу жайларда жана эс алуучулар жайгашкан объекттерде санитардык-гигиеналык жана инфекциялык оорулардын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүүдө. Туристтик сезон башталгандан бери Ысык-Көл облусунда 463 санитардык паспорт алуу өтүнүчү түшүп, анын ичинен 317си каралып, даярдык актылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлдү. Ошондой эле капчыгайларда жана пляждарда жайгашкан 179 боз үйдүн текшерүүсү жүргүзүлүп, санитардык талаптар түшүндүрүлдү.
Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери эрте никеге турган 69 учур катталды. Бул тууралуу облус аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулук жана эрте никеге туруу маселелерине арналган талкууда айтылды. Жыйынга президенттин өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын жетекчилеринин орун басарлары, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчылары, дин өкүлдөрү, башка район, шаарлардын тийиштүү кызматкерлери онлайн тартипте катышты. Облус аймагында эрте никеге туруу боюнча катталган учурлар боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжалуулугу жана кетирилген кемчиликтер талданып, тиешелүү мекемелердин жоопкерчилиги белгиленди. Мында 5 ай аралыгында Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарында былтыркы жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулуктун көрсөткүчү жогорулаганы айтылды. Урматбек Самаев жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча аймактык жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берип, кетирилген кемчиликтерди жоюу, алдын алуу иш-чараларын күчөтүү тапшырмасы коюлду.
Украина Курск облусунун Сумга чыгарылып кеткен тургундарынын Россияга кайтарылышын алмашуу процессинин бир бөлүгү катары карап, шарт кое баштады. Бул мыйзамга каршы келип, адамгерчиликке жатпаган адилетсиз кадам болуп саналарын Россиянын адам укугу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Татьяна Москалькова маек куруп жатып айтты. Интервьюну РИА Новости жарыялаган. Федералдык акыйкатчы билдиргендей, алгач Украина, эл аралык укук эрежелерине ылайык, Курскинин тургундарын Россияга эч кандай талабы жок эле кайтарып жаткан. "Бирок кийинчерээк шарт коюп, бул адамдар алмашуу процессинин бир бөлүгү катары кабылдана баштады. Албетте, бул адамгерчиликке жатпаган адилетсиз, мыйзамсыз аракет болуп саналат", — деди Москалькова. Анын айтымында, курскиликтерди кайтаруу боюнча маселе Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин көтөрүлө баштады. Акыйкатчы дал ошол сүйлөшүүлөрдө калган тургундарды кайтаруу макулдашылганын белгилеген.