Радио

Жаштарды шайлоого активдүү катыштырууга өзгөчө көңүл бурулат

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева КМШ мамлекеттериндеги жаштардын электоралдык саясатын жакшыртууга басым жасаларын айтты.
Sputnik
2024-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүндө жаштар активдүү катышты. Бирок келген шайлоочулардын саны аз экендигин Айдана Жупуева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын шайлоого болгон ишенимин жогорулатуу, шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда ыңгайлуу шарттарды түзүү жана учурдагы шайлоо тутумундагы кемчиликтерди жоюу боюнча жаңы ыкмалар колдонулат.
"Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны 4,2 миллионду түзсө, анын 41 пайызы — жаштар. "Жаштар жөнүндө" мыйзамга ылайык, 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар жаштардын катарына кирет. Буга чейин жаштардын курагы 14 жаштан 28 жашка чейин болчу. 2024-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүндө жаштар активдүү катышты. Бирок келген шайлоочулардын саны аз. Ал үчүн белгилүү блогерлерди, жарандык активисттерди тартып, жыйынтыгы жакшы болду. Шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын шайлоого болгон ишенимин жогорулатуу, учурдагы шайлоо тутумундагы кемчиликтерди жоюу боюнча иштер күчөтүлөт. Ысык-Көлдө өткөн эл аралык шайлоо форумунда да буга өзгөчө көңүл бурулду", — деди Жупуева.
Ошондой эле ал КМШ өлкөлөрүнүн шайлоолорунда жаштардын катышуусун жакшыртуу үчүн кызматташтыкты институционалдаштырууда маанилүү кадамдар жасаларын кошумчалады.