БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. ЕЭКте учкучсуз системаларды колдонуу боюнча тегерек стол болду. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланган.
Иш-чарага ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев төрагалык кылды.
Тегерек столдо жарандык максаттарда дрондордун колдонулушу жана келечеги, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу маселелери кеңири талкууланды.
Кожошев глобалдык санариптешүү шартында жана логистика түзүү зарылдыгы күч болуп турганда дрондор транспорт тармагындагы коопсуздукту жогорулатууга, чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк сунуштап жатканын белгиледи.
Тегерек столдо бул тармакты жөнгө салуудагы эл аралык тажрыйба тааныштырылды.
Жыйынтыгында нормативдик актыларды шайкеш келтирүү боюнча резолюция кабыл алынганы кошумчаланды.