Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: Украинага жөнөтүлгөн курал-жарактын акчасын НАТО төлөйт

Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп курамына Вашингтон да кирген НАТО уюму Украинага жөнөтүлө турган америкалык курал-жаракты сатып ала турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз НАТОго курал жөнөтүп жатабыз, демек, НАТО толугу менен анын акчасын төлөйт. Башкача айтканда, биз НАТОго курал-жарак жөнөтөбүз, НАТО аны Украинага жөнөтүп, бизге акчасын берет", — деген президент NBC телеканалы үчүн маек куруп жатып.
Трамптын айтымында, НАТО менен тиешелүү макулдашуу альянстын өткөн айдагы саммитинде түзүлгөн.
Буга чейин Германия канцлери Фридрих Мерц АКШдан Украинага жөнөтүү үчүн Patriot системаларын сатып алууга даярдыгын, маселе Трамп менен талкууланганын, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин айткан болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Россия тууралуу орчундуу билдирүү жасай турганын жар салды