БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалы үчүн курган маегинде дүйшөмбү күнү Россия боюнча маанилүү билдирүү жасай турганын айтып, бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Россиядан көңүлүм калды, алдыдагы эки жума ичинде эмне окуялар болуп кетерин көрөбүз. Дүйшөмбү күнү Россия тууралуу орчундуу билдирүү жасайм", — деген өлкө лидери.
Трамп Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарактын акысын НАТО төлөй турганын белгилеген.
Эскерте кетсек, буга чейин АШ президенти Москванын кийинки кадамдарына баа берип жатып, Россияга "кичинекей сюрприз" даярдап жатканын билдирген болчу. Трамп Конгрессте каралып жаткан Россияга каршы санкциялардын кабыл алынар-алынбасы өзүнөн гана көз каранды экенин, мыйзам долбоорун өтө дыкат карап жатканын айткан.
Документтин чоо-жайы
Россиядан нефть, мунай заттарын, газ жана уран сатып алган мамлекеттерге 50 пайыз өлчөмүндө бажы алымын киргизүү каралган мыйзам долбоорун Москвага каршы риторикасы менен белгилүү америкалык сенатор Линдси Грэм* киргизген. Кийинчерээк Bloomberg сенаторлор АКШ президентинин макулдугусуз мындай документти кабыл ала алышпай турганын жазган эле. Ал эми Еврокомиссиянын башчысы Грэмге Россияга каршы санкциялар координациялангандан кийин гана киргизилиши кажет экенин эскерткен.
Трамптын АКШ киргизген санкциялардан Вашингтон ири чыгым тартып жатканын айтканы бар, мында кеп миллиарддаган доллар тууралуу болууда. Муну менен бирге президент Украина маселесин жөнгө салуу боюнча макулдашуу акыры түзүлөт деп үмүт артып тургандыктан чектөө киргизбей жатканын айткан.
Россия Батыштын канча жыл илгери эле баштаган санкциялык кысымына туруштук берүүгө дарамети жетерин эскертип келет. Трамп өзү да Путиндин иш билгилигинен улам Россия санкциялардан көп жапа чекпегенин билдирген.
* Россияда террорчулар менен экстремисттердин тизмесине кирген