БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев менен маектешип жатып, буга чейин киргизилген мигранттарды текшерүүнүн жаңы эрежелери тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, заманбап технологиялар миграция агымын толук көзөмөлдөө үчүн киргизилип жатат.
Собянин калаа аэропортторуна киргенде же чек арадан өткөндө мигранттар сүрөткө түшүп, манжа издерин тапшыра турганын белгиледи.
"Мигранттар Москвага келгенден кийин милдеттүү түрдө Миграциялык борборго барышы керек. Ал жерден геномун тапшырат. Бул ыкмалар кылмыш жасалса же эреже бузулса издөө иштерин кыйла жеңилдетет. Мындан тышкары, биз маалыматтык технологиялардын жардамы менен мигранттардын кирген-чыкканын, катталган-катталбаганын талдай алабыз", — деди Собянин.
Мэр ошондой эле мигранттардын шаар ичиндеги кыймылын көзөмөлдөө үчүн жаңы каттоо системасы киргизилип жатканын белгиледи. Ал мигранттын өзүнүн телефону аркылуу ишке ашырылат.
"Мигранттын уюлдук аппаратына атайын программа жүктөлөт. Анын негизинде робот-оператор каалаган убакта жарандан телефонго жооп беришин, жүзүн жана геолокациясын көрсөтүшүн сурай алат. Эгерде мигрант байланышта болбосо, жооп бербесе, бул программа боюнча иштебесе, биз аны миграциялык шарттарды бузду деп эсептейбиз. Ал эми жооп берсе жана биз анын кайда экенин көрсөк, ага эч ким тийишпейт", — деди калаа башчысы.
Собянин мигранттарга электрондук карталар да берилерин айтты. Анын жардамы менен полиция "светофорду" көрө алат. Тагыраагы, андагы кызыл түс адам активдүү издөөдө жүргөнүн, сары түс кайсы бир мыйзамды бузганын, жашыл түс эркин жүрө аларын билдирет. Мунун баары калаанын коопсуздугу үчүн жасалып жатканы кошумчаланды.