БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ыңгайлуу учур жаралса эле АКШ Россия менен диалог куруудан качпайт. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик катчысы Марко Рубио Малайзияда өткөн АСЕАН жыйынынын алдында РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккандан кийин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тараптар бейшемби күнү жолуккан. Лавров менен Рубио Украина маселесин жөнгө салууну, Иран жана Сириянын айланасындагы абалды талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ мамкатчысы журналисттердин суроолоруна жооп берген. Негизги учурлары:
бүгүнкүдөй ыңгайы келген учурдун баарында Россия тарап менен жолугушууга даярбыз;
Украинага делген америкалык жардамдын басымдуу бөлүгү токтотулган эмес, колдоо мурунку тартипте көрсөтүлүүдө;
АКШ абадан коргонуучу Patriot системаларын жөнөтүүгө камынып жаткан өлкөлөрдү токтой турууга чакырат;
АКШ Украина жаңжалын басуу боюнча так пландын болушуна кызыкдар. Ушу кезге чейин кандайдыр бир жылыштын жогу өкүндүрөт;
Россияга каршы санкциялардын киргизилер-киргизилбеси президент Трамптын чечимине жараша болот;
АКШ президенти Дональд Трамп менен РФ лидери Владимир Путиндин жакын арада жолугушуусу каралган жок.