БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Украина Курск облусунун Сумга чыгарылып кеткен тургундарынын Россияга кайтарылышын алмашуу процессинин бир бөлүгү катары карап, шарт кое баштады. Бул мыйзамга каршы келип, адамгерчиликке жатпаган адилетсиз кадам болуп саналарын Россиянын адам укугу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Татьяна Москалькова маек куруп жатып айтты. Интервьюну РИА Новости жарыялаган.
Федералдык акыйкатчы билдиргендей, алгач Украина, эл аралык укук эрежелерине ылайык, Курскинин тургундарын Россияга эч кандай талабы жок эле кайтарып жаткан.
"Бирок кийинчерээк шарт коюп, бул адамдар алмашуу процессинин бир бөлүгү катары кабылдана баштады. Албетте, бул адамгерчиликке жатпаган адилетсиз, мыйзамсыз аракет болуп саналат", — деди Москалькова.
Анын айтымында, курскиликтерди кайтаруу боюнча маселе Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин көтөрүлө баштады. Акыйкатчы дал ошол сүйлөшүүлөрдө калган тургундарды кайтаруу макулдашылганын белгилеген.
"Бирок, тилекке каршы, 32 кишинин экөө эле кайтып келгенин көрдүк. Эл аралык эрежеге ылайык, тиги тарап бул адамдарды эч кандай шарты жок эле мекенине кайтарып, репатриациялашы керек эле", — деди өкүл.