БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети табыпчылыкты мыйзамдаштырган, ал жаатта адистерди даярдаган тартипти кабыл алды.
Жаңы документке ылайык, табыпчылыкты изилдөө, өнүктүрүү жана саламаттык сактоо системасына интеграциялоо мерчемделүүдө.
Элдик медицинаны үйрөнөм дегендер Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган программанын негизинде акча төлөп билим алса болот. Сырттан окуу бөлүмү жок.
Сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү долбоорун сунуштаган. Анда табыпчылык (салттуу медицина) байыртадан муундан-муунга оозеки же жазуу түрүндө берилип, илимий, логикалык негиздегенге мүмкүн болбогон медициналык көндүмдөрдүн жыйындысы экени айтылган.