БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Курск облусунун миңге чукул тургунунун дайын-дареги белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек курган Россиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова билдирди.
"Жасалган иштердин алкагында Сумдан 100дөн ашуун киши кайтты. Дайынсыз болуп жаткандардын тизмесинде 2000 киши бар болчу, бүгүн 1000дей адамдын тагдыры белгисиз", — деди өкүл.
Москалькова табылбай жаткан адамдардын тизмеси Украинанын Жогорку Радасынын адам укугу боюнча өкүлү Дмитрий Лубинца менен Эл аралык кызыл чырым комитетине жөнөтүлгөнүн белгилеп, изделип жаткандар аман-эсен экенине үмүт артты.
Эскерте кетсек, былтыр 6-августта украин согушкерлери Курск облусуна кирип келишкен. Кол салуу токтотулган. Марттын башында РФ армиясы масштабдуу чабуулун баштап, аймактын 1100 чарчы чакырымын бошотуп алган. Жалпы жонунан 60 калктуу конуш Россия Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө кайтарылган.
Фронттун аталган тилкесинде согуш башталгандан бери каршы тарап 76 550 аскеринен ажырады.