“Бишкек — Азиянын күрөш борборуна айланат” деген ураан менен 2025-жылдын 5–13-июль күндөрү Бишкек шаарында U-15 жана U-20 Азия чемпионаты өтүүдө. Бул континенттеги эң жогорку деңгээлдеги мелдештердин бири. Азианын күчтүү балбандары грек-рим, эркин күрөшү жана аялдар күрөшү боюнча мелдешке чыгышты. Кыргызстандагы күрөштүн келечеги, өспүрүмдөрдүн, жаштардын көрсөткүчтөрү, күрөштүн региондогу өнүгүшү тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Азия боюнча аткаруу комитетинин мүчөсү, Орто Азия боюнча куратору Мелис Турганбаев маек курду.