Министрлер кабинети табыпчылыкты мыйзамдаштырган, ал жаатта адистерди даярдаган тартипти кабыл алды. Жаңы документке ылайык, табыпчылыкты изилдөө, өнүктүрүү жана саламаттык сактоо системасына интеграциялоо мерчемделүүдө. Элдик медицинаны үйрөнөм дегендер Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган программанын негизинде акча төлөп билим алса болот. Сырттан окуу бөлүмү жок. Сентябрда Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү долбоорун сунуштаган. Анда табыпчылык байыртадан муундан-муунга оозеки же жазуу түрүндө берилип, илимий, логикалык негиздегенге мүмкүн болбогон медициналык көндүмдөрдүн жыйындысы экени айтылган.
ЕЭКте учкучсуз системаларды колдонуу боюнча тегерек стол болду. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланган. Иш-чарага ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев төрагалык кылды. Тегерек столдо жарандык максаттарда дрондордун колдонулушу жана келечеги, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу маселелери кеңири талкууланды. Кожошев глобалдык санариптешүү шартында жана логистика түзүү зарылдыгы күч болуп турганда дрондор транспорт тармагындагы коопсуздукту жогорулатууга, чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк сунуштап жатканын белгиледи. Тегерек столдо бул тармакты жөнгө салуудагы эл аралык тажрыйба тааныштырылды. Жыйынтыгында нормативдик актыларды шайкеш келтирүү боюнча резолюция кабыл алынганы кошумчаланды.
Жыл башынан бери өлкө аймагында 595 миң 610 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жыйынында айтылды. Ага ылайык, мас абалында унаа башкарган – 8 112 айдоочу; ылдамдыкты ашырып айдаган – 93 миң 365 айдоочу; терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан – 3 649 айдоочу; тийиштүү документтери жок унаа башкарган – 21 162 айдоочу; автоээнбаштык жасаган – 541 айдоочу; жол белгилерине баш ийбеген – 291 179 айдоочу аныкталды. Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 81 миң 479 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулганы кошумчаланды.
Москванын мэри Сергей Собянин "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев менен маектешип жатып, буга чейин киргизилген мигранттарды текшерүүнүн жаңы эрежелери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, заманбап технологиялар миграция агымын толук көзөмөлдөө үчүн киргизилип жатат. Собянин калаа аэропортторуна киргенде же чек арадан өткөндө мигранттар сүрөткө түшүп, манжа издерин тапшыра турганын белгиледи. Мэр ошондой эле мигранттардын шаар ичиндеги кыймылын көзөмөлдөө үчүн жаңы каттоо системасы киргизилип жатканын, ал мигранттын өзүнүн телефону аркылуу ишке ашырыларын айтты.Собянин мигранттарга электрондук карталар да берилерин билдирди. Андагы кызыл түс адам активдүү издөөдө жүргөнүн, сары түс кайсы бир мыйзамды бузганын, жашыл түс эркин жүрө аларын билдирет. Мунун баары калаанын коопсуздугу үчүн жасалып жатканы кошумчаланды.