Ушул жылдын 11-июнунан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында ишкер аялдарды колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган “Бизнес айым кербени 2025” форуму өтүүдө. Алгачкы форум Жалал-Абад облусунда башталды. Аймактардан келген аялдардын потенциалын ачуу үчүн аянтча түзүлүп, алардын ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана өз бизнесин ачууга же кеңейтүүгө дем берүү маселелери каралат. Негизи эле ишкер аялдардын коомдогу орду, шарттар тууралуу “Ачык кеп” программасында сөз кылдык.